АГАНОЗЕРО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАНАОЗЕРО КЕНИ ‒ Европадагы хромдун ири кени. Карелияда, Пудож шаарынан 40 км түндүк тарапта жайгашкан. 1984-жылы ачылган; 2007-жылдан өнөр жайлык деӊгээлде казылып алынат. Чалгындалган запасы 8 млн т (Cr2Oз орточо өлчөмү 22‒23%). Магма ‒ стратиформ геологиялык-өнөр жайлык типтеги кен. Кен алгачкы протерозойдун Бураков ‒ Аганозеро базит-ультрабазиттүү катмарланган массивинин түндүк-чыгыш блогунда топтолгон. Долбоор боюнча Аганозеро тоо-кен-байытуу комбинаты жылына 1200 миӊ тга чейин кен сырьёсун казып алмакчы.