АГАЖАРИ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАЖАРИ́ КЕНИ ‒ Ирандын түштүк-чыгышындагы ири газ-нефть кени. Нефтилүү бассейн Перс булуӊунун чегинде жайгашкан. 1936-жылы ачылып, 1938-жылдан иштетилет. Аянты 388,5 км² . Алгачкы нефть запасы 1,9 млрд т, газ 263 млрд м³. Асимметриялык антиклиналдык түзүлүшүнүн бүктөлүү канатчасы Месопатамия ийилүүсүнө туура келет. Курамындагы акиташ тегинин тереӊдиги 1550‒1250 м, жогорку бор акиташы ‒ 1700 мден жогору. Нефтинин тыгыздыгы 852 кг/м³, күкүрттүүлүгү 1,4%. Нефть куурлары Бендер-Махшехр портуна жана Абадан шаарындагы нефть ажыратуучу заводго чейин жеткирилген.