АВУАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВУАРЛАР (фр. avoir ‒ мүлк, актив) ‒ 1) банктын чет өлкөлүк банктардын эсебиндеги чет өлкөлүк валютадагы каражаттары (анын кассасы, башка банктардагы эсептер, өтүмдүү баалуу кагаздар, векселдер жана башкалар); 2) төлөм документтери (кагаздары) аркылуу жөнөтүлүүчү, төлөнүп берилүүчү акчанын ар кандай түрү, акча каражаты, баалуу кагаздар (колдогу накталай акча, накталай эмес акча, чектер, векселдер, аккредитивдер). Бул каражаттардын кайсы бир өлкөгө тиешелүү суммасы анын чет өлкөлүк Авуарларын түзөт да, анын эсебинен төлөмдөр төлөнөт жана милдеттенмелер жабылат, өлкөлөр ортосунда төлөм жүгүртүлөт. Дүйнөлүк чарбада жүгүртүүнүн көп бөлүгү АКШ доллары менен евро түрүндө жүргүзүлгөндүктөн, Авуарлар ушул валютада кеӊири колдонулат.