АВТОХОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОХО́РИЯ (авто... жана гр. choreo - тарап жатам) ‒ өсүмдүк мөмөсү менен уругунун сырткы таасирдин жардамысыз эле өзүнөн-өзү таралышы. Бышып жетилген мөмөлөр күч менен чарт жарылып ачылганда уруктары 1 мден 5 мге чейин (механохория) чачылат жана салмагын көтөрө албай жерге үзүлүп түшкөн мөмөлөр аркылуу таралат (барохория). Механохория ашкабак сымалдарга, чанактууларга жана башкаларга мүнөздүү.