АВТОРДУК НИЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК НИЕТ, з а м ы с е л – автордун жаза турган чыгармасы жөнүндө алдын ала түзүп алган планы; чыгармада көрсөтө турган окуяларды, айта турган ойду белгилеп алышы. Автордук ниеттен кийин гана автор жазууга киришет. Автордук ниет эки түрдө болушу мүмкүн: биринчисинде, автор окуялардын жүрүшүн болжолдоп жоромолдоп алат, демек сюжетке байланышкан автордук ниет; экинчиси, идеялык ниет, мында автор чыгармасында өзүн толкундаткан проблемаларды жана конфликттерди тандап алат. Акын-жазуучулардын автордук ниетин жана чыгармачылыгын иликтеп көргөндө, алардын алгачкы ой-божомолдору чыгарманын жаралуу процессинде өзгөрүп кете тургандыгы да белгилүү. Мисалы, Ч. Айтматов «Ак кеме» повестин чакан аңгеме гана кылгысы келген экен.