АВТОРДУК КҮБӨЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК КҮБӨЛҮК ‒ ойлоп чыгаруунун автордук укугун күбөлөндүрүүчү документ. Автордун каалоосу боюнча ага автордук келишим же ойлоп чыгаруунун патенти берилет. Жамааттардын ойлоп чыгарууларына, ошондой эле тигил же бул ишти аткаруунун натыйжасында аныкталган ойлоп чыгаруулар үчүн автордук келишим ишканалардын атына жазылат. Патент берилген ойлоп чыгууларды пайдалануу укугу патенттин ээсине гана таандык болот. Кыргызстанда жаӊы ачылыш жөнүндөгү автордук келишим КРдин Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамагентчилигине катталгандан кийин берилет.