АВТООҢДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТООҢДОО (Autocorrect-Автоправка). Автооңдоонун жардамы менен киргизилген сөздөрдүн жалпы орфографиялык каталары автоматтык түрдө оңдолот. Мисалы, англис тилинде текст терилип жаткан учурда кокустан teh сөзү терилип кетсе тексттик процессор автоматтык түрдө аны the сөзүнө алмаштырып коёт. Чекиттен кийин турган сөздүн баш тамгасы кичине тамга менен жазылса, аны чоңго которуп коет. Автооңдоо баш тамга менен жазылган тексттердин катасын дагы текшере алат. Кокустан сөздүн ортосуна баш тамга терилип калса аны кичине тамгага алмаштырып коет, сүйлөмдүн башында эки баш тамга удаа жазылып калса башкы тамгасын ошол бойдон калтырып, кийинкисин кичине тамгага алмаштырат. Автотекшерүү айрым CD, PC жана MHz сыяктуу көп кездешкен кыскартууларды алмаштырбайт.


Файл:АВТООҢДОО.jpg