АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ ‒ график, чийме жана башкаларды жогорку тактыкта автоматтык түрдө чийүүчү түзүлмө. Автоматташтырылган долбоорлоо системасынын маалыматты чыгаруучу негизги түзүлмөлөрүнүн бири жана конструктордун автоматташтырылган жумушчу орунунун негизги бөлүгү. Ал маалыматты инпульс түрүндө ошол автоматташтырылган долбоорлоо системасы менен автоматташтырылган жумуш орунундагы компьютерден алат. Сүрөттү чөйрө сызыгы (контуру) боюнча чийет жана чекиттер боюнча түзөт, андан тышкары тактачалык (планшеттик) жана рулондук прибор болуп бөлүнөт. Куроодо (монтаждоодо), карта тартууда, долбоорлоодо, маалыматтык өлчөө системасында жана башкада колдонулат.

Ж. А. Апышев.