АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ ‒ кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко кондуруу ыкмасы. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-жылы тажрыйбада текшерилип, 1965-жылы пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде автоматтык кондуруу абдан натыйжалуу. Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып, кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке киргизилет.