АВТОГЕНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОГЕНЕЗ (авто жана генез) ‒ органикалык дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эволюциялык окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмогенез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия жана башкалар жөнүндөгү окуулары Автогенездик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эволюциялык паралеллизм жана конвергенция кубулуштары менен түшүндүрөт.