АВТОБИОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОБИОГРА́ФИЯ (авто…, био... жана ...графия ) ‒ 1) өз өмүрүндөгү негизги окуяларды кыскача документалдуу баяндоо; 2) кара сөз менен жазылган, мемуарга ыктаган адабий жанр. Мемуардан айырмасы: мында автор жеке өзүнүн башынан өткөргөндөрү, ой-сезимдери, көз караштары тууралуу кеӊирирээк сөз кылат. Автобиография ‒ дүйнөлүк адабияттагы байыркы жанр. Көркөм адабиятка Ж. Ж. Руссо жана анын ичинде Герцен негиз салган. Дүйнөлүк классиктердин айрым чыгармалары да автобиографиялык мүнөздө. Кыргыз адабиятында М. Элебаевдин «Узак жолу», А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттери», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным» аттуу чыгармаларын мисалга алсак болот. Адамдын өз таржымалын кыскача баяндап жазышы да автобиография деп аталат.