АВЛЕТИМ суусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВЛЕТИМ – Аксы районундагы суу, Кара-Суунун (Нарындын алабы) оң куймасы. Узундугу 35 км, алабынын аянты 863 км2. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталат. Майда кирип, ноябрда тартылат. Жогорку жана ортонку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агат. Жылдык орточо чыгымы 10,6 м3/сек; эң көбү – 20 м3/сек, эң азы – 5,6 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим кыштагы орун алган.