АВЛАКОГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВЛАКОГЕН (гр. aulax - бороз, жөөк, genos туулуш, пайда болуу) - платформалардагы дайыма козголуп туруучу жер кыртышынын созулуп жаткан тектонтоника тилкеси. Термин 1960-жылы Н. С. Шатский тарабынан сунушталган. Авлакогендин жөнөкөй түрлөрү алыска созулуп жаткан тектоникалык жаракалар менен чектелип, узундугу 100-1000 кмге жеткен, туурасы кууш (10-100 км) келип, терең (5-10 кмге чейин) ойдуңдардан турат. Авлакоген көбүнчө платформанын чегинде жайгашат, кээде аны кесип өтүп, жанаша жаткан геосинклиналга кошулат. Татаал Авлакогендер бир нече ойдуң менен жалчалардан турат. Авлакогендерде кээде базальт тектери жолугат жана көпчүлүк учурда таш, туз аралашкан чөкмөлөрдүн калың катмарлары пайда болот.