АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ (фр. – жорук-жосун) – чыгармадагы каармандардын күтүлбөгөндөй таң каларлык жорук-жосундарын, алар башынан кечирген укмуштуу окуяларды, курч кырдаалдарды баяндаган чыгарма. Көбүнчө ойдон чыгарылган сюжеттер, кыялдануудан келип чыккан сюжеттер, уламыштык мотивдер кеңири пайдаланылат. Орто кылымдагы рыцарлардын жоруктары, соодагерлердин ар кандай мамлекеттерге саякаттары сыяктуу окуялар сүрөттөлгөн авантюралык романдар дүйнөлүк адабиятта көп кылымдар бою кызыгуу менен кабыл алынып келүүдө.