АБЫТОВ Байболот Капарович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:51, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЫТОВ Байболот Капарович [04. 05. 1962, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Чалма айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2002), профессор(2010). Казан шаарындагы В. И. Ульянов-Ленин атындагы мамлекеттик университеттин тарых факультетин (1988). Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин аспирантурасын (1993) бүтүргөн. 1988–1990-жылдары Ош педагогикалык институтунда окутуучу, 1994–2014-жылдары ОшМуда улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор, 2014-жылдан проректор. Эмгектери Кыргызстан тарыхынын булак таануусун, кыргыздардын тарыхый инсандарын ж. б. изилдөөгө арналган. 250дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография, 7 китеп) автору. Илимий эмгектери кыргыз, орус, англис, кытай, поляк, тажик, түркмөн тилдеринде да жарык көргөн.

Эмг.: Ош: факты, события и личности. Ош, 2000; Выдающиеся личности города Ош. Ош, 2000; Некоторые проблемы истории Кыргызстана. Ош, 2000.