АБШЫР ФОСФОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБШЫР ФОСФОРИТ Ош облусунун Ноокат районунда, Абшыр суусунун сол жээгинде, автомобиль жолунан 300–500 м батышта, деңиз деңгээлинен 2050–2200 м бийиктикте. 1973–85-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кембрийдин акиташ жана доломит тектеринин фосфориттүү горизонтунда фосфорлуу беш катмар бар. Келечектүү №1 кен катмарынын узундугу 100 м, калыңдыгы 15–20 м. Мында фосфор ангридинин өлчөмү 9%. Пайдалуу компонентти ажыратып алуу технологиясы изилденген эмес. №1 кен катмарынын ачык казып алууга мүмкүн болгон болжолдуу ресурсу 150 миң т.