АБШЫР-САЙ СУРЬМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБШЫР-САЙ СУРЬМА КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Көк-Жар кыштагынан түштүк тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2600–3100 м бийиктикте. 1946-жылы табылып, 1966–82-жылдары мезгил-мезгили менен геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен жаткан аймак силур мезгилинде пайда болгон акиташ теги менен сланецтерден жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузияларынан турат. Кен татаал өзгөрүүлөргө учурап, өтө жаракаланган антиклиналдык түзүлүштүн түндүк-батыш капталында жайгашкан. Сурьма кени бири-биринен 25–30 м аралыктагы эки кенташ (руда) горизонтунан (астынкысы акиташ теги менен сланец катмарларынын ортосунда, үстүнкүсү сланецтин арасында) турат. Кенташ линза жана тарамча түрүндө (калыңдыгы 1 смден 25 мге чейин). Негизги минералдары: антимонит, валентинит, кермезит, алардан башка киноварь, реальгар, пирит, арсенопирит, пирротин, халькопирит, марказит, сфалерит жана флюорит да бар. Сурьманын орточо өлчөмү 4,71%, алтындыкы 1,08 г/г, флюориттики 25,4%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 338,6 миң т. Сурьманын запасы 14114 т, алтындыкы – 1,97 т, флюориттики – 56763 т.