АБУЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУЖА – Нигерия Республикасынын борбор шаары (1991-жылдан). Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Жос платосунда жайгашкан. Калкы 1693,4 миң (2022). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорт бар. Өлкөнүн мурдагы борбору Лагос шаарынан Абужага которуу 1976-жылы кабыл алынган. Борбордук банк, радио үйү, мечит, университет (1918), Нигерия жол-курулуш институту, тамак-аш өнөр жайлары бар. 1828-ж. курулган чептүү лагердин ордунда пайда болгон.