АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА – термодинамикалык тең салмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-жылы У. Томсон (Кельвин) киргизген. Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абсолюттук нөл температурадан баштап эсептелет. Нерсени эч убакта абсолюттук нөлдөн төмөн муздатууга болбойт. Цельсий шкаласы (t°C) боюнча аныкталуучу температура менен T=t+273,16 К туюнтмасы аркылуу байланышат.