АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ – өзүнө түшкөн ар кандай жыштыктагы электр-магниттик толкундарды толук жутуучу зат. Абсолюттук кара нерсенин жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти бирге барабар,анын температурасына жана жуткан толкундун узундугуна көз каранды эмес. Бул түшүнүктү илимге 1859-жылы немец физиги Г. Р. Кирхгоф киргизген. Ал табиятта кезикпейт жана шарттуу түрдө ичи көңдөй, жарык өткөрбөгөн, бардык бөлүктөрүнүн температурасы бирдей жана нур кире турган кичинекей тешиги бар сфера абсолюттук кара нерсе катары алынат. Анткени мындай нерсеге тешикчеси аркылуу нур түшкөндө, анын ичинде нур көп ирет чагылып, нерсеге жутулуп (сиңип) отуруп, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин толук жутулат. Көөнүн нур жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти бирге жакын болгондуктан аны да жакындатылган мааниде абсолюттук кара нерсе деп кароого болот. Анын нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү бирдей эле температурада ысытылган башка нерселерге салыштырмалуу жогору.

Файл:АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ55.png

Абсолюттук кара нерсе нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү анын кайсы заттан экендигине көз каранды болбостон, анын температурасы менен гана аныкталып, Планк нурлануу законуна баш ийет.