АБРАМЗОН Саул Матвеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРАМЗОН Саул Матвеевич (Менделевич) [22. 06. (05. 07). 1905, Россия империясы, Орёл губерниясы, Дмитровск шаары – 01. 09. 1977, СССР, РСФСР, Ленинград шаары] – этнолог, түрколог, тарых илимдеринин доктору (1968); кыргыз этнография илимине негиз салуучулардын бири.

Файл:АБРАМЗОН53.png

1926-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн. 1926–1931-жылдары Кыргызстанда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору, Мекен таануу илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатьна караштуу Маданий курулуш илимий-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР Илимдер академиясынын этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946–1947- жана 1953–1955-жылдарда Кыргызстанда этнографиялык экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын урууларга бөлүнүү өзгөчөлүктөрүн, байыркы тарыхына тиешелүү маселелерин, маданиятын, үрп-адатын, ошондой эле «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этнографиялык булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашуун илимий эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) жана башка эмгектеринде чагылдырылган. Кыргызстанда этнография илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоого зор эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.


Эмг.: Очерк культуры киргизского народа. Фр., 1946; Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии //Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. Л., 1960. Т. 4; Киргизы, т. II., М., 1963; Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.