АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:29, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР а б р а з и в д е р – металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти жана башка материалдарды механикалык иштетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо жана башка) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит жана башкалар), жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма абразивдүү материалдардан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.