АБЕТЕКОВ Асан Кемелович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:13, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЕТЕКОВ Асан Кемелович [17. 04. 1938, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл округу (азыркы Ысык-Көл облусу), Тоң району, Күн-Чыгыш (азыркы Бөкөнбаев) айылы – 15. 08. 2021, Бишкек] – археолог, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2002). 1959-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1966–1972-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери, 1972–1992-жылдары СССР ИАнын Орто Азия жана Казакстан археологиясынын проблемалары боюнча илимий координациялык советинин мүчөсү, «Орто Азия археологиясынын ийгиликтери» журналынын жооптуу секретары, СССР маданий фондунун Кыргыз башкармалыгынын төрагасынын орун басары, 1992–1995-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын башкы адиси, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын «Манас таануу» жана көркөм маданиятынын улуттук борборунун улук илимий кызматкери, Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти. Түштүк Сибирь, Тоолуу Алтай, Минуса ойдунунда (Хакасия), Енисейдин жээктеринде жана Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун сак, усун, гунндар жана түрк тилдүү көчмөн элдердин археологиялык эстеликтерин казып изилдеген (1961–1990). Биздин заманга чейин 3-жана биздин замандын 5-кылымдарында жашаган усундардын «Карабалта» кыштакчасынын калдыктарын ачып (1964), алар көчмөн уруулар гана болбостон, отурукташып жашап жер иштетүү менен да кесип кылган, комплекстүү чарбасы бар байыркы элдерден болгондугун, ошондой эле Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу», «Куренкей», «Албанжыга» эстеликтерин изилдеп, ал жерден ачылган монументалдуу «коргон» архитектурасын, өлүктү коюу ырым-жырымын биздин заманга чейин 5–3-кылымдарында Теңир-Тоодо жашаган тиграхауда-сак урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген. Түштүк Кыргызстандын жана Жети-Суунун көчмөн урууларынын археологиялык материалдарын классификациялоодо математикалык алпагордуу жана алгорифманы биринчи жолу археология илимине колдонгон. 100дөн ашык илимий жана илимий популярдуу макалалар, анын ичинде «Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы» (анг. History of civilizations of Central Asia, Volyme2 UNESCO, Paris 1994) автору.