АБЕЛЬ Нильс Генрих

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЕЛЬ Нильс Хенрик (5.8.1802, Финней, Ставангердин жанында – 6.4.1829, Фреланд, Арендалдын жанында) – норвегиялык математик. Христиания (Осло) университетин бүтүргөн (1825). Өз эмгектерин алгебрага, функционалдык анализге жана математикалык анализге арнаган. Төртүнчү даражадан жогору теңдеменин радикалдагы чыгарылышы жок экендигин далилдеген. Жалпы гиперэллиптикалык (абелдик) интегралдар теориясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1826-1829-жылдары К. Г. Якобиге байланышпастан туруп эллиптика жана гиперэллиптика функциялар теориясын түзгөн. Абель даражалуу катардьн жыйналуучулук теориясын андан ары өнүктүргөн, жалпы биномдук катардын жыйналуучулугун толук изилдеп бүткөн (1826). Абелге 1830-жылы Париж ИА жана немис математиги К. Г. Якобиге эллипсистик функциялар теориясын өнүктүргөндүгү үчүн атайын сыйлык ыйгарган. 2002-жылы Норвегия өкмөтү ж- Норвегия ИА математика илими жаатында Абель сыйлыгын уюштурушкан.

А. Чекеев, С. Токсонбаев.