АБДЫРОВ Төлөбек Шакирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫРОВ Төлөбек Шакирович (1969-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – экономика илимдеринин доктору (2014). 1993-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУну бүтүргөн. 1993-жылдан Мамлекеттик салык инспекциясында инспектор, улук инспектор, сектор башчысы, КРдин Президентине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси, башкы адиси, бөлүм начальниги, башкармалыктын начальниги, Бишкек машина куруу заводунда экономика боюнча директор, Б. Н. Ельцин атындагы КР Славян университетинде профессор, КР АГУПта кафедра башчысы, институттун директору, КРдин Эл аралык университетинде кафедра башчысы. Абдыров 105 илимий эмгектин, 3 монографиянын, 1 окуу китебинин автору.