АБДЫЛДАЕВ Рыспек Алдагандаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:06, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Рыспек Алдагандаевич (1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Каракол кыштагы) – онколог, медицина илимдеринин доктору (1986), профессор. КММИни бүтүргөн (1973). СССР МИАнын онкология илимий борборунда аспирант (1978), ошол борбордо кенже, улук илимий кызматкер. 1981-жылдан Кыргыз онкология жана радиология ИИИде бөлүм башчы, директордун орун басары, 2000-жылы КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин онкология илимий борборунун генералдык директору. 130дан ашык илимий эмгектин автору.