АБДЫЛДАЕВ Абазбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Абазбек (1943, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жалгыз-Жаңгак–2017, Бишкек) – медицина илимдеринин доктору (2010). КММИни бүтүргөн (1965). Эмгек жолун Жалал-Абад облустук паталогогистологиялык лабораторияда башчы болуп иштөө менен баштаган. Жалал-Абад балдар психоневрологиялык үй-интернатында директор. ЖАМУда морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы. КРдин тейлөө сферасынын эмгек сиңирген кызматкери, КР Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Эмг.: Проблемы радиационной медицины Кыргызстана в условия глобального потепления: монография. – Б., 2009.–232 с. Клиникофункциональные особенности изменений в организме у жителей, проживающих вблизи урановых хвостохранлищ// Здоровье и болезнь.– Алматы, 2008. –№ 1.–С.45-48.