АБДРАХИМОВ Талгат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАХИМОВ Талгат Кадырович (1915-1967) геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Казан мамлекеттик университетин бүтүргөн (1939). Кыргыз ССР геология башкармасында, Каменский геология экспедициясында (1946), Казак ССР геология министрлигинде (1965) геологиялык чалгындоо партияларынын начальниги болуп иштеген. Кыргызстандагы уран кендеринин бирин ачкандардан. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.