АБДРАИМОВ Кудайкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Кудайкул (1917-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Совет кыштагы –1982, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). Ош облусунун Ленин районундагы Энгельс атындагы колхоздун башкармасы (1951-жыл-

Файл:АБДРАИМОВ 421.png

дан) болгон. Ал башкарган чарба уяң жүндүү кой өстүрүүдө жыл сайын жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1957-жылы ар жүз тубар койдон 115тен козу (1958-жылы 117ден козу), 3,2 кг жүн алып, ар бир койдун тирүүлөй салмагын 71 кгга жеткирген. 1959-71-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.