АБАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАК (гр. abax - эсеп тактасы) – 1) бети тилкелерге бөлүнгөн эсеп тактайчасы. Aбакта майда таш, сөөк жылдырылып (орус эсеп чотундай эле), арифметикалык эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Абакты 18-кылымга чейин Байыркы Грекияда, Римде, кийинчерээк Европада арифметикалык эсептөөлөр үчүн колдонушкан. ЫраакыЧыгыш өлкөлөрүндө Абактын «суанпан», Россияда «счёты» деген түрлөрү колдонулган; 2) кылмышкерлерди камоочу жай, түрмө; 3) архитектуралык ордерде колонна, жарым колонна, пилястра капителдеринин үстүңкү плитасы; четтери тик квадрат (дорий, ионий ордерлери) же иймек (коринф ордери) форматка ээ.