«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ ‒ Бишкек шаарынын Жаш гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгына карата 1975-жылы ачылган. Советтер Союзунун Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко жана Г. А. Петренконун бюсттары, кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларынын жана Даӊк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, З. Хабибуллин, А. Мухитдинов; арх. В. В. Курбатов).