«АШЫГ‒ГАРИБ» дастаны

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АШЫГ-ГАРИБ» ‒ Кавказ жана Жакынкы Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжанда «Ашыг-Гарибдин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-кылымдагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат менен келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душмандарын жеӊип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү менен энесинин көзүн айыктырат. «Ашыг-Гарибдин» сюжети боюнча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков жана Р. М. Глиэр операларды жазган.