«АЛТЫ БАКАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛТЫ БАКАН»селкинчек оюнунун бир түрү. Көчмөн кыргыз элинин эзелтеден кеңири тараган оюну. Селкинчекти кыз жигиттер жайлоодо, айыл четинде, айдын жарыгында тебишкен. Бакандарды (шыргыйларды) үч-үчтөн бириктирип, башын бууп, 2,5–3 м аралыкта эки жагына орнотот.

Файл:«АЛТЫ БАКАН» 4.png

Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча бекитилет. Алты баканга үч аркан байланып, селкинчек курулат. Эки аркан бел сүйөгөнгө ылайыктап өйдөрөөк, бир аркан таман (бут) койгонго төмөнүрөөк тартылат (кийинки мезгилде таман арканынын ордуна жеңил тактайлар колдонулуп жүрөт). «Алты бакан» селкинчек тебүү кезек менен улантылат. Оюн-күлкү, тамаша, ыр, бий менен коштолот.