«АЛМАЗ» радиосу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛМАЗ» ‒ жергиликтүү мамлекеттик радио уктурууга алгач альтернатива катары пайда болгон маалымдоо каражаттарынын бири. 1992-жылдын 15-июнунда Чүй өрөөнүнүн радио угармандарына биринчи берүүлөрүн тартуулаган. 1993-жылдын 13-апрелинен тартып борбордук радио тармагынан үзгүлтүксүз уктурулат. Ал республиканын Маданий фонду тарабынан уюштурулган. Программалары кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлүп, дүйнө элдеринин музыкасы, «Медициналык саат», «Тамашалуу маек» жана башка ушул сыяктуу рубрикалар менен обого чыгып турат.