«АЛГА» СПОРТ КООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

"АЛГА" СПОРТ КООМУ ‒ республикадагы жумушчу жаштарды өз катарына бириктирип турган профсоюздардын ыктыярдуу спорт коому. Коом 1958-жылы уюшулган. Анын 4 коллективине «Спорттук клуб» деген наам берилген, Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунун коллективи бул наамга 1-болуп жетишип, 11 күбөлүк алган. Коомдо өткөн мезгилде СССР спортунун 191 чебери, 3617 спорттун чеберлигине кандидат жана биринчи разрядчы, 82 миӊден ашык массалык разряддагы спортчу даярдалган. «Алга» спорт коомунда спорттун 26 түрү боюнча секциялар иштеп, 70 миӊге жакын коомдук инструкторлор машыгууларды өткөрүшкөн.