«АКЫЛ КАРАЧАЧ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Батма тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АКЫЛ КАРАЧАЧ» ‒ фольклордук каарман. Акыл Карачач уламыш боюнча Жаныбек хандын доорунда жашаган Жээренче Чечендин келини. Ошондуктан көпчүлүк окуяларда экөөнүн ысымы катар жүрөт. Акыл Карачач даанышман, кара кылды как жарган калыс, акылдуу жана сөзмөр делип сүрөттөлөт. Ал Жээренче Чеченди ырайымсыз хандын каарынан айла-амалы, акылы менен кутултат. Акылга сергек, сөзгө чебер Акыл Карачач ала көөдөн, акылсыз ханды сөзгө жыгып, өз эркиндигин да коргоп калат. Акыл Карачачтын образы элдин таза, нукура көз карашын, келечек идеалын чагылдыргандыгы менен баалуу.


К
К
Файл:Акыл К.jpg