«АВТОМАШ-ЭКОЛ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 3 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АВТОМАШ-ЭКОЛ» ‒ жабык акционердик коом (1997). «Кыргызавтомаш» акционердик коому менен «Ekol Akumulator Sanaii ve ticaret limited sirketi» Түркия фирмасынын ортосундагы макулдашылган келишимдин негизинде уюшулган. Автомобиль жана тракторлор үчүн коргошун-кислоталуу стартердин, аккумулятордун батареяларын жасап чыгарат. Жылдык кубаттуулугу 25 000 аккумулятор батареяларын жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркаларда ишкананын продукциясы бир нече жолу Алтын медаль менен сыйланган.