ЖУУКУ ТООСУ
ЖУУКУ ТООСУ – Тескей Ала-Тоонун түндүк тармагы. Жууку жана Барскоон сууларынын аралыгында 35–38 кмге созулуп жатат. Туурасы 15–17 км. Орточо бийиктиги 3900–4300 м, эң бийик жери 4671 м. Кыры аска-зоокалуу жана мөңгүлүү, түндүк капталы Ысык-Көл өрөөнүн көздөй тигирээк түшөт; Чоң жана Кичи Жаргылчак, Ак-Терек, Чычкан сууларынын өрөөндөрүндө терең капчыгайлар бар. Түштүк-чыгыш капталы Жууку капчыгайына тик түшөт. Тоо негизинен соңку рифейдин гранит-диорит, порфирит жана гнейстүү диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Тоонун түндүк капталына шалбаалуу талаа (2300–2400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (карагай; 2400–2800 м), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (2900–3300 м), андан жогору бийик тоо тундрасы, талаа жана гляциалдык-нивалдык, түштүк капталына негизинен шалбаалуу токой, субальп жана альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбасы бар.