ЖООН-ДӨБӨ (Айтматов районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-ДӨБӨ – Талас облусунун Айтматов районун­дагы кыштак. Чолпонбай атындагы айыл аймагына караш­туу. Тараз – Талас автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 895 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 13 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 2374 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, оорукана, кесиптик-техникалык окуу жайы, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү, поч­та бөлүмү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакка жакын жерде 5–12-кылымдарга таандык шаар чалдыбарынын калдыгы сакталган.