ЖОЛБУН КӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛБУН КӨЛ – жайык түздүктөрдө жайга­шып, жылдан жылга орду, өлчөмү жана туздуу­лугу өзгөрүп туруучу туюк көл. Мындай көл­дөрдүн болушунун негизги себептери: суусу мол жана аз жылдарда же мезгилдерде келген суулар­дын өтө өзгөрмөлүүлүгү; көлгө куйган суулар­дын шиленди тектерди көп агызып келүүсү. Жолбун көлдөр материктердин кургакчыл ички аймак­тарында кездешет, мисалы, Кытайдагы Лобнор көлү ага айкын далил.