ЖОЛ-КОЛОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ-КОЛОТ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун­дагы кыштак. Алтын-Арашан айыл аймагына караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1800 м бийикте жайгашып, райондун бор­бору – Каракол шаарына түштүгүнөн канатташ жа­тат. Балыкчы темир жол бекетинен 225 км. Калкы 3018 (2025); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.