КАНИМЕТОВ Абдылда

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:06, 20 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИМЕТОВ Абдылда – [18. 08. 1928, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Каракол кантону (азыркы Ысык-Көл облусу), Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат) кыштагы – 28. 11. 1999, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары]) – тарых илимдеринин доктору (1987), профессор (1968). 1950-жылы ММУну бүткөн. 1950–1955-жылдарда Кыргыз ССР Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунда илимий кыз­маткер, 1955–1959-жылдарда Кыргызстан КП БКнын алдын­дагы партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчысы, директордун орун баса­ры,










1959–1961-жылдарда Кыргызстан КП БКнын мектеп жана Жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы, 1961–1962-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу жогорку жана атайын орто би­лим берүү боюнча комитеттин төра­гасы, 1962–1977-жылдарда Кыргыз ССР элге билим берүү мини­стри, 1977–1988-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда директор, 1989- жылдан сектор башчысы, жетектөөчү илимий кыз­маткер. А. Каниметовдун илимий эмгектери Кыргызстандын мада­ний курулушуна, элге билим берүүнүн жана Ин­тергельпонун тарыхына арналган. 200дөй илимий эмгектин (анын ичинде 40тай монография, окуу китеп) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депу­таты (1962–79). 3 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак белгиси» ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарындагы № 1 мектеп-интернатына ысмы ыйгарылган.

Эмг.: Каниметов А. К., Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин тарыхы. Ф., 1958; Каниметов А. К. Народное обра­зование Советской Киргизии за полвека. Ф., 1972; Каниметов А. Наш друг Юлиус Фучик. Ф., 1976.