КАРИМОВ Саит
КАРИМОВ Саит [1896-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал- Абад) облусу, Сузак району, Алмалуу-Булак айылы –

1988, ошол эле жер] – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Эмгек жолун 1932-жылы Ош облусунун Сузак районундагы «Алмалуу-Булак» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1947-жылдан жылкычы болгон. 1948-жылы 58 бээден 58 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени м-н сыйланган.