ЖИЙДЕ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
ЖИЙДЕ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кашка-Кочкор айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 18 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 79 км. Кыштак 1954-жылы негизделген. Калкы 1216 (2025); негизинен дан эгиндерин, тоют даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Тегирмен, майжуаз иштейт.