ЖЕТИМ-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ-ДӨБӨ – Ош облусу­нун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Карагуз айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 2000 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 30 км. Кара-Суу темир жол бекетинен 123 км. Кыштак 1932-жылы не­гизделген. Калкы 1254 (2025); негизинен мал чар­басы жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП бар. Тегирмен, майжуаз иштейт.