ЖЕТИМ ТЕМИР КЕНТАШ БАССЕЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ ТЕМИР КЕНТАШ БАССЕЙНИ – Орто Азия­дагы темир кендүү ири аймак. Нарын шаарынан 60 км чыгышта, Жетим кырка тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 2250–3800 м бийик­тикте жайгашкан. Аймакта темир кендери бар экендиги жергиликтүү элге илгертен белгилүү болгон. Анткени анда байыркы кен казындылары жана темир эриткен мештер табылган. Темир кента­шынын өз алдынча 6 кени ачылган. Аларга 1957–58-жылдарда чалгындоо жумуштары жүргүзүл-

Жетим бассейниндеги ири кендер

Таблица бар

Жетим бассейниндеги ири кендер

гөн. Бассейндин узундугу 34 км, туурасы 500 м. Анын аймагын рифей-венд мезгилинде пайда бо­луп, метаморфизмделген акиташтар, көмүртек­-чополуу сланецтер, кумдуктар ж. б. тектер түзөт. Кендер кабат сымал линза түрүндө жатат. Кенташ негизинен гематит жана магнетит ми­нералдарынан турат да, алардын өлчөмүнө жа­раша гематит-магнетиттүү жана магнетит-ге­матиттүү болуп 2 типке бөлүнөт. Мындагы те­мир кенташы генезиси боюнча темир-кварциттүү формацияга кирери, чөкмө-жанар тоо процесси­нен пайда болуп, кийин региондук метамор­физмге дуушар болгондугу аныкталган. Кенташ­тагы темирдин өлчөмү 15,4–46,3%. Басейн боюнча темир кенташынын болжолдуу ресурсу 5,395 млрд т, темирдики – 1,71 млрд т (к. табли­цаны).

Ад.: Сагындыков К. С., Судоргин А. А. Джетимский железорудный бассейн Тянь-Шаня. Ф., 1984; Сагын­дыков К. С., Фоминых В. Г. Железорудные формации Урало-Тянь-Шанского пояса. Ф., 1987.

К. Сагындыков.