БАРСКОН КЫРСЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:56, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) (Removed redirect to БАРСКООН КЫРСЫГЫ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКООН КЫРСЫГЫ – 1998-жылы 20-майда Барскоон суусундагы көпүрөдөн Кум-Төр алтын кенин иштетүүчү комбинаттын оор жүк ташуучу автомашинасы 20 т цианиддүү натрий (NaCN) менен сууга кулап түшүүсүнөн пайда болгон экологиялык өзгөчө кырдаал. Автомашина сууда беш жарым саат жатып, 1762 кг уулуу зат эрип, каналдар аркылуу Барскоон, Тамга кыштактарынын айдоо аянттарына тарап, көпчүлүк бөлүгү Ысык-Көлгө кошулган. Адистердин шашылыш чыгарган чечиминен кийин, бул уулуу заттын зыяндуулугун азайтуу максатында 1555 кг кальций гипохлорити [Са(ClO)2] чачылган. Бирок бул ишти жүргүзүүдө эреже толук сакталбай, негизги зыян ушундан болгонун атайын түзүлгөн эл аралык комиссия аныктаган. Комиссия суудан, топурактан алынган (4000ден ашуун) анализдерге таянып, анын концентрациясы адамдын ден соолугуна, жандуу жана жансыз объектилерге зыян келтирчү деӊгээлге жетпегенин белгилеген. Булгоочу заттардын эӊ жогорку концентрациясы (78 мг/л) автомашина сууда жаткан алгачкы сааттарында гана байкалып, аны суудан алып чыккандан кийин кескин азайган. Ошол кезде абанын, суунун темппературасынын жогору болушу цианиддин эришин жана бууланышын тездетип, айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин азайткан. Ал эми гидрохимиялык изилдөөлөрдүн негизинде Барскон булуӊунун суусуна курамдык-функциялык өзгөрүүлөрдү киргизип, фитопланктондорго жана суунун гидрохимиялык сапатына булгоочу заттардын зыяны минималдуу болгонун аныктаган.
Ад.: Экологические индикаторы в рамках национального плана КР по охране окружающей среды. Б., 1997; Экология Кыргызстана: проблемы, прогнозы, рекомендации. Б., 2000; Гидроэкологические проблемы и устойчивое развитие Центральной Азии. Б., 2000.
У. Атаканов.