КИСЛОТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИСЛОТАЛАР – металл м-н оңой алмашуучу суутеги бар ж-а сууда эригенде Н+ ионун пайда кылуучу химиялык бирикмелер. Кислоталар кычкылтектүү, (H2SO4, H2CO3, HNO3 ж. б). ж-а кычкылтексиз (HCl, Н2S, HCN ж. б.) болуп айырмаланат. Кыч­кылтектүү кислоталар кээ бир кислоталык оксиддердин суу м-н кошулушунан, кычкылтексиз кислоталар айрым элементтердин суутек м-н кошулушунан пайда болот. Кислоталардын малекуласындагы суутек атому­нун саны алардын негиздүүлүгүн аныктайт, мисалы, HCl, HNO3 – бир негиздүү, H2S, H2SO4 – эки негиздүү, H3PO4 – үч негиздүү кислоталар.