ЖЕР БЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР БЕТИ – жердин жылуулук жана ным алма­шуу процесстери аркылуу атмосфера менен өз ара бай­ланышкан үстүңкү бети (топурак, өсүмдүк, кар, суу, муз). Жер бети ар түрдүү түзүлүштө (мисалы, кур­гактык менен суу мейкиндигинин, тоолор менен түздүктөрдүн) болушу аба ырайына жана климат­ка зор таасирин тийгизет; ал эми Күн нурунун энергиясынын жер бети боюнча ар түрдүү өлчөмдө си­ңирилиши, чыгымдалышы жана топтолушу атм­осферанын жалпы циркуляциясына таасирин тийги­зип, атмосфералык циркуляциянын жергиликтүү өзгөчөлүгүн аныктайт.