ЖЕҢИШ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)
ЖЕҢИШ , Ч ы ч к а н – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл аймагына караштуу. Чычкан суусунун жана Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1647 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 24 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 161 км. Калкы 3393 (2025); негизинен мал менен алектенип, токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Намазбеков туулган.